Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

Мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сөөктү өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана башка процедуралар боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алган делип Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды", — деп кабарланган маалыматта.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында кармалганы айтылды.
Тиешелүү ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлеринен ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акчаны системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң доллар пара алды деп кармалды. Сүрөт