Жапаров Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду?

Эки жетекчи мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү боюнча да пикир алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Анда кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти", — деп кабарлады маалымат кызматынан.
Тараптардын соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешкени айтылды.
"Жапаров менен Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту", — деп айтылган маалыматта.
Ташиев өзбекстандык кесиптеши Азизов менен чек араны кыдырды. Сүрөт