Өкмөт калкка жардам көрсөтүү үчүн 500 млн. сом бөлүүнү пландап жатат

Өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин 25,3 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүү планы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети калктын аялуу катмарын колдоо үчүн жылына 500 миллион сом бөлүүнү сунуштап жатат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 1,6 миллион адам жакыр жашайт. Анын ичинен 367 миңи "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алса, 23 миң киши акча төлөнгөн коомдук жумушка тартылган. Иш менен камсыз кылуу кызматтары 15,2 миң кишиге жумуш таап берген.
Министрлер кабинети 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында жакырчылыктын деңгээлин 25,3 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландоодо.
Министрлик өлкөдө акырындык менен ишке ашып келе жаткан "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" долбоорун эске салып, Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районунда программага катышкандар 100 миң сомдон грант алганын белгиледи.
Жакыр үй-бүлөгө берилчү грант. Долбоор Кыргызстандын бардык аймагын камтымай болду