Матвиенко Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине берилчү жоопту айтты

Федерация Кеңешинин спикери Россиянын коопсуздугу сөзсүз камсыздалары турган иш деген пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине Россиянын аскердик реакциясы эки өлкөнүн аймагына жайгаштырылган куралдарга байланыштуу болот. Бул туурасында Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенконын айткандыгын РИА Новости кабарлады.
Эске салсак, жогорудагы эки өлкө Түндүк Атлантика альянсына кирүү үчүн анын башкы катчысы Йенс Столтенбергге арыздарын тапшырган.
"Ири алдыда Россиянын аскерий жааттан алып карагандагы реакциясы НАТОнун бул мамлекеттердин аймагына куралдардын кандай түрлөрүнүн жайгашуусуна жараша болот. Бирок бир нерсени айта кетейин, Россиянын коопсуздугу сөзсүз камсыздалары турган иш", — деген Матвиенко "Известия" басылмасына берген маегинде.
Россия НАТОнун тирешүүнү мелжеп келгендигин бир нече ирет айткан. РФ президентинин маалымат катчысы альянстын мындан аркы кеңейиши Европага ишенимдүү деле коопсуздук алып келбестигин, НАТОнун агрессиялуу мүнөздө болорун билдирген.
Ал Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин Россияга кооптуулук алып келет деп эсептебей тургандыгын айткан.
Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөндө аталган мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия — Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.
Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду