Баткендин айылдарын калыбына келтирүү. Президенттин жаңы өкүлү дайындалды

Мындай документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, мамлекет башчысы тарабынан 2021-жылдын 4-майында "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлык кабыл алынган.
Негизги максат — 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын тез арада калыбына келтирүү. Ошондой эле элдин жашоо-турмушу, уюмдар, мекемелер жана ишканалар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү.
Президент чек ара чырынан соң Баткенге кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты