Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Азымбакиев буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Азымбакиевди бул кызматка дайындаган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Азымбакиев буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп, аталган уюмдун катчылыгынын Маалымат жана анализ департаментин жетектеген.
Азымбакиев ТИМдин системасында 1993-жылдан тарта эмгектенип келет. Дипломатиялык кызматтагы кезинде ТИМдин борбордук аппаратында, чет өлкөлөрдө, департаменттик директорлук, башкармалыктын башчысы кызматтарында, министрликтин секретариатынын жетекчилигинде эмгектенген жана министрдин кеңешчиси болгон. Кыргызстандын АКШ, Индия, Швейцариядагы элчиликтеринде иштеген.
Баткендин айылдарын калыбына келтирүү. Президенттин жаңы өкүлү дайындалды