Кыргызстандык аял кишилерди Европа, АКШнын ордуна Молдовага жөнөтүп жиберген

Алдын ала берилген маалыматтарда аял беш миллион сом алган. Аны чек арадан кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бир нече кыргызстандык убада кылынган Европа менен АКШнын ордуна Молдовага мыйзамсыз жөнөтүлгөн. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Г. Л. К." ЖЧКсынын жетекчиси 36 жаштагы А. Н. аттуу аял уруксат берген тиешелүү документтери жок туруп жарандарды чет өлкөгө иштегенге жөнөтүү иши менен алектенген. Арасына балдар да кирген 15 кишиден турган топту Украина аркылуу Молдовага жеткирген. Аял аларды Молдовада 4-5 ай кармап туруп, андан ары АКШ жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган. Бул окуядан кийин аталган өлкөнүн тартип коргоо органдары кыргызстандыктарга иш козгоп, өлкөдөн депортациялашкан.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, аял беш миллион сом алган. Аны 14-майда "Манас" аэропортунан тышка чыгып кетип бара жатканда кармашкан. Аялга Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин ("Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу") негизинде кылмыш иши козголду.
Радио
Акматбеков: биринчи жолу Англияга эмгек мигранттары жөнөтүлүүдө