2022-жылдын соңу глобалдуу ачарчылыктын башталышы болушу мүмкүн

Орешкин рыноктогу буудайдын баасынын өсүшү АКШнын жоопкерчиликсиз монетардык саясатынан улам болуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россия президентинин жардамчысы Максим Орешкин 2022-жылдын соңу глобалдуу ачарчылыктын башталышы болушу мүмкүн деген пикирин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Жаңы горизонттор" деп аталган агартуучулук марафондо сүйлөп жатып, ал рыноктогу буудайдын баасынын өсүшү АКШнын жоопкерчиликсиз монетардык саясатынан улам болуп жатат деген оюн айтты.

"Болжол менен 2020-жылга чейин рыноктогу буудайдын баасы туруктуу болчу. Бирок долларды басып чыгара берүүнүн кесепетинен болжол менен 2022-жылдын июлунан тарта ал кескин өсүп кетти", — деген Орешкин.

Ал буудайдын наркынын өсүүсүнүн 60 пайызы пандемия менен күрөшүү үчүн камсыздалбай жасалган доллардын басып чыгарылышынын кесепети болду деп эсептээрин айтты. Андыктан Россия глобалдуу бул нерседен жапа чекпей, тамак-аш менен камсыз болушу абдан маанилүү экендигин белгилеген.
Эки айда Африканы ачарчылык капташы ыктымал. Эксперт буга Байденди күнөөлөдү