БИШКЕК, 18-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлорду кармап жетишпей жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте билдирди.
"Бүгүнкү күндө президентибиз көптөгөн буйруктарды чыгарып мамлекетти көтөрөйүн деп аракет кылууда. Камчыбек Ташиев паракорлорду кармап, жетишпей жатат. Күндө кармайт, бирок эки айдан кийин эле алар башка жакка барып аким болуп алышат. Өткөндө башкы прокурор жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлерди камап жатабыз деп айткан. Министрлер кабинети өз алдынча ашынган чечимдерди чыгарып жатат. "Дастан" заводун бир токтом менен Ширшовдун оң колуна өткөрүп берип койду", — деди Атазов.
Мындан улам депутат Акылбек Жапаровду парламентке чакырып, учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угууну сунуштады.