Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефондон сүйлөштү

Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
"Президент Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Токаев Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөрдүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин айткан.
Садыр Жапаров Абу-Дабиге барып БАЭнин жаңы президенти менен жолукту. Сүрөт