20-майда Чүй проспектисинин дагы бир бөлүгү жабылат

Мэрия келтирген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, жолдогу маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы 20-майда Чүй проспектинин бир бөлүгү жабыларын эскертти.
"Бишкек суу канал" ишканасы билдиргендей, бул күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
"Ал аралыкта суу түтүктөрүнүн авариядан кийин жасалган жерлерине асфальт төшөлөт", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия келтирген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, жолдогу маршрутту алдын ала пландап алууну эскертти.
Эскертүү! 26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жолдор жабылат