Чаткалдагы мектеп кырсыгы. Мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды

Ооруканага жаткырылгандардын коркуп калганы айтылып, аларга "стресс алган" деген диагноз коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаеванын айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 16 адам жеткирилген.
"Медициналык текшерүүдөн кийин коркуп калгандыктан жана стресс алгандыктан бир мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.
Бул окуядан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн короосуна имараттын дубалы урап түштү. Видео