БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, диетолог Маргарита Королева сөөктүн иштөөсүн бузган суусундуктарды санап берди. Медиктин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Адистин айтымында, рациондо сүттүн көп болушу сөөккө терс таасирин тийгизет. Анын курамындагы кычкыл компоненттер организмдеги пайдалуу заттарды жууп кетет. Ошол себептен жашылчаларды аралаштырып туруу керек. Себеби жашылчаларда организмде кальцийди кармап турчу компоненттер көп.
Кальций, магний жана башка минералдык заттардын сиңүүсүнө кофе да зыян. Диетолог аны тамактан кийин ичүүнү сунуштаган.
Адис сөөктү буза турган суусундуктардын катарына газдалгандарды да кошкон. Газдалган, өзгөчө таттуу суусундук сөөккө да бычак. Алардын остеопороз дартына жана бөйрөк оорусуна алып келери белгиленди.