Путин Бишкекте өтчү Евразиялык экономикалык форумга катышат

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын өкүлү Евразиялык экономикалык форум 26-27-майда өтөрүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте май айынын соңунда болчу Евразиялык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Биз аны да, муну да жокко чыгарбайбыз. Бирок эмне болгон күндө да ал катышат, билдиребиз (датасын – ред.)", — деди Песков журналисттердин президент эл аралык форумга түз же онлайн катышабы деген суроосуна жооп берип жатып.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын өкүлү Нурсултан Мукаев Евразиялык экономикалык форум 26-27-майда өтөрүн айткан.
РФ лидери: күздө ЖККУнун машыгуулары өтөт, алар Кыргызстанда да болот