Март айында Кыргызстанга акча которуу кескин кыскарды

Которулган каражаттын эң көп үлүшү Россияга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга сырттан 518,1 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди.
Мында акча которуу системалары аркылуу алынган жеке адамдардын каражаты тууралуу сөз болуп жатат.
Которуулардын эң көп үлүшү же 493,7 миллион доллар Россияга туура келет.
2005-жылдан берки ар бир жылдын январь-март айларынын маалыматтарын салыштырсак, анда азыркы көрсөткүч үчүнчү орунда турат.
1-квартал боюнча маалыматтар (которулган каражат 500 миллион доллардан ашкан жылдар көрсөтүлгөн):
2022 — 518,1 миллион (доллар менен);
2021 — дээрлик 543 миллион;
2019 — 540,4 миллион;
2018 — 505,8 миллион.
Анткен менен 2022-жылдын январь-февраль айларындагы маалыматтарды салыштыра келсек, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Андыктан соңку жылдардагы март айындагы көрсөткүчтөргө токтололу:
2022 — 154,3 миллион (доллар менен);
2021 — 214,3 миллион;
2020 — 144 миллион;
2019 — 195,8 миллион;
2018 — 195,7 миллион.
Башкача айтканда, ушул жылдын март айында акыркы жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак акча которулган. Мындан төмөн көрсөткүч пандемия учурунда гана болгон.
Улуттук банк акча которуунун жаңы эрежесине түшүндүрмө берди