Азыркы кризисте ишсиз калган адамдарга психолог кеңеш берди

Адистин айтымында, жаңы тармак ага керек же керек эмес экенин адам өзү болжолдуу үч айда аныктай алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Экономикалык кризис учурунда ишинен бошоп калган же башка тармакка өтүүнү ойлоп жүргөн адамдардын кандай айласы бар? Бул суроого РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог жана коуч Григорий Мисютин жооп берди.
"Азыркыдай абалда "жашап кетем" дегендер реалдуулукту кабыл алып, бир нерсени бат үйрөнүүгө жөндөмдүү болушу керек. Дүйнө өзгөрдү. Жашоо кайра мурдагы нугуна түшөт деп бир нерсени күтүп отура бергендер жаңылышат. Андыктан жаңы агымга ылайыкташып, жаңы кесиптерди өздөштүрүүдөн башка жол жок", — деди Мисютин.
Ошондой эле ал жаңы багытты үйрөнүп жаткан киши алгач аз акчага иштээрине арданбашы керектигин айтты.
"Мурдагы ишинде канчалык көп тапса дагы жаңы кесипте эң ылдый жактан баштоого туура келет. Бул нерсени адам жогоруда айтылып жаткан реалдуулук катары кабыл алып, болушунча эртерээк иштей баштаганы жакшы. Канчалык эрте киришсе, ошончолук тажрыйба батыраак топтолуп, кирешеси дагы өсө баштайт", — деди коуч.
Мындан тышкары, адис жаңы тармак ага керек же керек эмес экенин адам өзү болжолдуу үч айда аныктай аларын кошумчалады.
Финансылык көз карандылыктан качып төрөгүсү келбеген аялдарга адистин кеңеши