ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт

Бир нече окуучу менен мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түштү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түштү

"Кырсык болгон жерге үч куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү", — деп билдирди.

Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн короосуна имараттын дубалы урап түштү. Видео