БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебиндеги кырсыктан окуучулар жабыркаган эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаева билдирди.
Буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 18 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.
Орунбаева кырсыктан балдардын эч кимиси жапа чекпегенин айтты.
"Чаткалдын Терек-Суу айылында жамгыр катуу жаап, шыптан суу тама баштаганда эле мугалим балдарды тышка алып чыккан. Шып эч кимдин үстүнө түшкөн эмес. Болгону балдар коркуп калышкан. Мугалим да корккондуктан, кан басымы жогорулап кетиптир", — деди Орунбаева.
Координатор мугалим менен окуучулар айыл өкмөттүн маршруткасы менен Ала-Букадагы ооруканага баратканын айтып, ал жактан дарыгерлер бир сыйра көргөндөн кийин кайра үйлөрүнө кетерин кошумчалады.