Сахнага 13 жашында чыккан таңкы жылдыз. Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөттөрү

Бүгүн белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнү. Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчисинин көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Фрунзеге жакын Воронцовка айылында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей Бүбүсара он жашында Ленинград шаарындагы Анна Ваганова атындагы Орус балет академиясына келип билим ала баштаган. Себеби 1936-жылы ал жакка Кыргыз ССРинин өнөрлүү балдары биринчи ирет окууга жөнөтүлгөн. Бейшеналиева сахнага алгач ирет 13 жашында чыгып, Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чоң театрда өнөрүн көрсөткөн.
Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал театрда "Селкинчектеги" карапайым Зейнурадан баштап "Чолпон" балетиндеги сыйкырчы Айдайга чейинки отуздан ашуун образды жараткан. Талыкпаган эмгеги менен СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Белгилүү балерина Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев менен 18 жыл бою сахнага чыккан.
Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.
Sputnik Кыргызстандын таланттуу инсан тууралуу даярдалган көлөмдүү материалын окуп, кошумча маалымат алыңыз.
1 / 16

Балерина алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында чыккан

2 / 16

Бүбүсара Бейшеналиева борбор калаадагы Опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштеген

3 / 16

Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева уулу Эрмек менен

4 / 16

Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетиндеги Одеттанын ролунда

5 / 16

"Чолпон — таңкы жылдыз" тасмасынан алынган кадр, 1959-жыл. Режиссеру Юз Герштейн

6 / 16

Кыргыз ССРинин артисти Ирина Деркембаева менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү, 1969-жыл.

7 / 16

Опера жана балет театрынын сахнасында

8 / 16

Киночулардын балерина жөнүндө тарткан тасмасынан бир кадр

9 / 16

Бүбүсара Бейшеналиева пионерлер менен, 1968-жыл

10 / 16

СССРдин эл артисти жаш бийчилерге сабак өтүп жаткан учуру

11 / 16

Бүбүсара Бейшеналиева композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, жубайлар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан

12 / 16

Таланттуу инсан эмгек жолунда бир топ жаштарга жол көрсөтө алган

13 / 16

Владимир Власов менен Владимир Ференин "Анар" балети, балерина Анардын ролунда

14 / 16

Балерина менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен

15 / 16

Бейшеналиева өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, эки жолу оор операцияны башынан өткөргөн

16 / 16

Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган

Тема боюнча:
Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары
Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер