Радио

Юрист: асыроочусунан айрылганы боюнча пенсияны студенттер да алат

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров асыроочу адамдан айрылганда пенсия кандай чегерилерин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Пенсия чегерүүдө асыроочусу дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөсү багуучусу өлгөн адамдын үй-бүлөсүнө теңештирилет. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, асыроочусунан айрылгандыгы боюнча пенсия үй-бүлөдөгү эмгекке жарамсыздарына чегерилет.
"Асыроочу адамдан айрылганда каза болгон адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү пенсия алууга укуктуу. Үй-бүлөнүн жумушка жөндөмсүз мүчөлөрү болуп 16 жашка толо электер же 18 жашка чейинки майыптар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар) эсептелет. Ошондой эле алардын эмгекке жарамдуу ата-энеси жок болсо, 16 жашка толо элек бир туугандары же улгайгандарынын неберелери болсо жогоруда айтылган пенсия чегерилет. Эгерде асыроочу адамдын дайынсыз жок болгону тастыкталса, анын үй-бүлөсү өлгөн адамдын үй-бүлөсүнө теңештирилет. Башкача айтканда, пенсия дайындоо үчүн тийиштүү органдарга кайрылуу керек. Жашы жете элек 16 жашка чыккан асыроочусунан айрылгандар пенсия дайындоо үчүн жашаган жери боюнча өз алдынча кайрылат", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал күндүзгү окуу формасы боюнча билим берүү мекемелеринде окугандар аны аяктаганча, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укугу бар экенин кошумчалады.