УКМК Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованы кармады. Сүрөт

Министрдин 29 жаштагы кеңешчиси Бишкек шаарынан кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды
Билдирүүгө ылайык, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында бүгүн, 17-майда, министрдин 29 жаштагы кеңешчиси Бишкек шаарынан кармалган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Опузалап пара алуу") негизинде андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тилекова Каракол шаарына жеткирилгени айтылды.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Тилекова буга чейин да Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору менен кошо кармалган. Бирок министр Алымкадыр Бейшеналиев кеңешчиге УКМК кызматкерлери тарабынан күч колдонобуз деген коркутуулар болгондуктан УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчилиги менен сүйлөшүп, чыгарып ата-энесине жеткирип бергенин айткан. Министр өзү учурда Германияда иш сапары менен жүрөт.
Баарын кетирейин деп жаткам. Бейшеналиев каршы чыккан орун басарларына жооп берди