Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия аскерлери Запорожьенин жашоочуларына 55 тонна гумжардам жеткирди

Азык-түлүктү жана зарыл буюмдарды биринчи иретте көп балалуу үй-бүлөлөр менен улгайгандарга таратышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия жоокерлери менен Терек казак аскерлери Запорожье облусундагы Мелитополь районунун тургундарына 55 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул туурасында маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье Тelegram каналы жарыялады.
Тамак-аш жана турмуш-тиричиликтеги зарыл болгон буюмдарды Константиновка, Мирный жана Приазов аймактарынын жашоочуларына беришкен. Жүктү жолдо Терек казак аскерлери менен Россиянын Куралдуу күчтөрү коштоп, кайтарып келишкени айтылды.
"Алардын арасында тамак-аш сөзсүз бериле турган көп балалуу үй-бүлөлөр менен улгайгандар бар", — деп кошумчалашкан РФтин Коргоо министрлигинен.
Аларга ун, кант, эт жана балык консерваларын, таттуу-тарапа, чай жана башка азыктарды таратып беришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аткыланган Благодатное айылындагы балдарга өз тамагын берген айдоочу. Видео