БИШКЕК, 16-май — Sputnik. НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып, башка аймактардагы эл аралык процесстерге да таасирин тийгизүүгө аракеттенүүдө, бул Россиянын көңүл буруусун талап кылат. Мындай билдирүүнү Россия лидери Владимир Путин ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн жетекчилеринин юбилейлик жыйынында билдирди.
"Аягы көрүнбөгөн, кеңейип отурган саясаттан сырткары Түндүк Атлантика альянсы өзүнүн географиялык айдыңынан, евроатлантикалык алкактан чыгып, эл аралык маселелерге болушунча активдүү катышууга аракет кылып жатат. Дүйнөдөгү башка аймактарга жакшы эмес жагынан таасир этип, эл аралык кырдаалды коопсуздук жагынан көзөмөлдөөгө умтулууда. Бул, албетте, биз тараптан кошуча көңүл бурууну талап кылат", — деген Путин.
Эске салсак, Түндүк атлантика альянсы акыркы мезгилде өзүнүн таасири менен аймагын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Буга жакындагы эле дүйнө коомчулугунун талкуусунда болуп жаткан учур айкын далил. Тагыраагы, кечээ Финляндия менен Швеция НАТОго кирүү боюнча расмий билдирүү жасап, бул нерсе аталган альянска мүчө-өлкөлөрдүн терс реакциясын жаратты. Тагыраагы, Түркия жана Италия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн колдобой тургандыктарын билдирген.