Ошто 17 жаштагы кыз изделүүдө. Сүрөт

Ал 29-апрелде Алай районуна караштуу Гүлчө айылынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош облусунда Кара-Суу районунун 17 жаштагы тургуну Зарина Авазбек кызы изделип жатканын Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал ушул жылдын 29-апрелинде болжол менен саат 15:30да Алай районуна караштуу Гүлчө айылынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай. Чачы, көзү, кашы кара.
Зарина Авазбек кызы кызыл футболка, кара шым, ак бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды көрүп же жүргөн жерин аныктап калса (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34 номерлерине кайрылса болот.
Бишкекте жоголгон 7 жаштагы Диана табылды