БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Мариуполдо марттын орто чендеринде талкаланып калган электр кубаты менен камсыздаган системаны оңдошту, эми суу бере турган жайларды калыбына келтире башташты. Маалымат РИА Новостинин Тelegram каналына жарыяланды.
Электр жарыгы Шевченко — Строителей көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдө гана пайда болду. Ал турак жайлар шаардын эң четиндеги аймакта жайгашкан.
Буга чейин Мариуполдо шаардык соода аянты жанданып, базардын борборунда азык-түлүк саткан жер иштеп баштаган.