Ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы

Синоптиктердин айтымында, жаан-чачын дагы нормасынан ашпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көп облустарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун айтты.
Июнь айында абанын орточо температурасы

Чүй облусу

Июнь айында жаан-чачын орточо көлөмү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 21…23 градус жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +14…+16 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустан 18…23 градуска чейин, күндүз 23…28 градустан 31…36 градуска чейин жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, 19…21 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10дон +14…+19 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 30…35 градуска чейин жылуу болору күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (26-31 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +22…+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24 градуска чейин, күндүз +22…+27 градустан 32…37 градуска чейин жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлүүдө (13-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +22...+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27 жылуулуктан +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлөт (30-32 мм, тоо этектериндеги райондордо 27-92 мм).
Ажарлуу түрк кыздары, көл жээктеген коноктор. Туристтик жарманкеден сүрөттөр

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп +22...+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27ден 32…37 градуска чейин жылуу болору айтылууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болору божомолдонууда (19-21 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп +15…+17 градус болушу күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +11…+16 градуска чейин, күндүз +14…+19дан 24…29 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, чыгыш тарабында климаттык нормадан арбын болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +14…+16 градуска жетери күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +8…+13 градуска, күндүз +15…+20дан +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (38-56 мм).
Метеорологдор: 2022-жылдан тарта жер бетинде 5 жылдык мээ кайнаткан ысык башталат