Казакстанда жеңилдик менен автокредит берилип, эл автосалондорго агылды. Видео

Казакстанда жети жылга 4 пайыз жеңилдик менен насыя берилип баштады. Автосалондо узун кезек жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Казакстанда бүгүн жеңилдик менен автонасыя берүү башталгандыктан, темир тулпар алууга ашыккандар автосалондорду каптады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Программанын шарты боюнча ар бир казакстандык 4 пайыздык насыя менен автокөлүк ала алат. Ал жети жылга 10 миллион теңгеден ашпаган суммага берилет. Баштапкы төлөмү нөл пайыз, ал эми транспорт каражатынын баасы 15 миллион теңгеден жогору болбошу керек.
Мындай маалыматтан улам таң эрте Казакстандагы автосалондорго жеңилдетилген насыя менен темир тулпар алууга агылган эл көбөйдү. Аталган жайлардын кызматкерлери тизме түзүп, мүмкүнчүлүгү жете турган кардарларды аныктап, акча төлөй турган кагазын жазып берип, маалыматтар топтомуна киргизип, кезеги келгенде чала тургандыктарын айтышууда.
"Эрежеге ылайык, салондор кезектегилерге VIN-код (темир тулпардын уникалдуу коду) бериши керек эле, бирок азырынча андай болгон жок", — деп жазган агенттик.
Ал эми келгендер кезектеги оруну сакталып калабы же жокпу деп кабатыр болуп жатканын да билдиришкен.
Эң көп суроо-талап Kia Rio автоунаасына болуп жатканы айтылды.
Кыргызстанда микроавтобустар менен минивэндердин баасы өзгөрдү. Инфографика