Жашы жете электер ден соолугуна жана тарбиясына терс таасир тийгизе турган жумуштарда иштей албайт. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, 14 жашка толгон окуучулар ата-энесинин макулдугу менен иштесе болот.
"Ишке орношуу маселеси Эмгек кодекси менен жөнгө салынат. Анын 18-беренесинде 16 жаштан тарта жумушка орношсо боло турганы жазылган. Өтө сейрек учурларда 15 жашка толгон адам дагы эмгек келишимин түзүшү ыктымал. Ошол эле учурда ата-энесинин макулдугу менен 14 жашка толгондор дагы жумушка орношо алат. Бирок алардын ишмердиги боюнча Эмгек кодексинде бир топ эрежелер каралган. Тагыраак айтканда, жашы жете электердин укуктарын коргоо үчүн аларга оор, зыяндуу, кооптуу, жер астындагы иштерде жана өспүрүмдөрдүн тарбиясына терс таасир тийгизе турган түнкү клубдарда, алкоголдук ичимдиктерди, чылым саткан жайларда иштөөгө тыюу салынат. Эмгек кодексинен тышкары, өлкөдө балдар жөнүндө дагы кодекс иштейт. Кыргызстан — балдардын укугу боюнча дүйнөлүк конвенциянын катышуучусу. Анын катышуучусу катары мамлекет балдардын укугун коргошу керек", — деди Салиев.
Ошондой эле ал балдардын укугу мамлекет жана жалпы жарандар тарабынан корголушу керектигин кошумчалады.