Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Немец генералы Россиянын Украинадагы артыкчылыгын моюндады

Генерал Эрих Ваддын айтымында, Россия аскерлери жерде да, абада да үстөмдүк кыла алат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Германиянын мурдагы лидери Ангела Меркелдин кеңешчиси, немец армиясынын отставкадагы генералы Эрих Вад Украина Россиянын куралдуу күчтөрүнүн кубатын баалабай жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россиянын куралдуу күчтөрү абдан кубаттуу. Жерде да, абада да артыкчылыкка ээ. Киев Донбассты аскерий жол менен кайтара албайт. Украинанын чыгышында окуялар кайсы жагына өнүгөрүн бир гана Россия аныктайт", — деди Вад.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25-мартка карата Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операциянын биринчи этабынын негизги тапшырмаларын аткарып бүткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада согуш аракеттерине катышышы мүмкүн делген кыргызстандык: элчинин маалыматы