Жылдын аягында ЖККУда жаңы аскердик түзүм пайда болот

Россиянын химиялык жана биологиялык радиация жаатындагы аскердик бөлүмүнүн жетекчиси Кириллов Украина аймагында Пентагондун кызыкчылыгына иштеген 30дан ашык биологиялык лабораториялар түзүлгөндүгүн айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими боюнча уюмда быйылкы жылдын соңунда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча жаңы түзүм пайда болот. Бул туурасында Беларустун коргоо министри Виктор Хрениндин айтканын РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү күндө Украинадагы жүрүп жаткан атайын операция бир топ биологиялык лабораторияларды таап чыкты. Албетте, алардын бар экенин билчүбүз, эми далил менен болду. Биздин уюмдун келерки багыты — биологиялык кооптуулуктарга каршы аракет кылуу. Айтмакчы, жылдын аягына чейин бизде радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча жаңы түзүм пайда болот", — деген Хренин Беларустун "Во славу Родины" деген аталыштагы аскердик басылмасына маалымат берип жатып.
Буга чейин Россиянын химиялык жана биологиялык радиация жаатындагы аскердик бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-лейтенант Игорь Кириллов Украинанын аймагында Пентагондун кызыкчылыгына иштеген 30дан ашык биологиялык лабораториялар түзүлгөндүгүн айткан эле. АКШнын аскердик-биологиялык программасын андан ары улантуу үчүн Украинада атайын операция башталганда чыгарылып кеткен. РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Россия АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык иштеринен улам биологиялык жана уулуу куралдарга тыюу салган конвенциянын алкагында консультациялардын механизмин баштоону четке какпайт.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Мамлекет башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Кооптуулук ыраакта эмес. АКШнын Украинадагы биолабораториялары ондоп саналат