Финляндия НАТОго кирүү чечимин кабыл алганын расмий билдирди

Буга чейин аталган альянска кирген мамлекеттердин ичинен Финляндиянын аларга кошулушу боюнча каршы пикирин билдиришкендер болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кошулууга чечим кабыл алгандыгын расмий билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн өкмөтү кабар тараткандыгын РИА Новости жазды.
Бир аз мурдараак алардын ТИМ жетекчиси Пекка Хаависто НАТОго мүчө болууга арызды шаршемби күнү бере тургандыктарын айткан эле.
Эскерте кетсек, Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Буга чейин Түркия жана Италия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн колдобой тургандыктары боюнча маалымат тараган.
Батыш Украинаны жардан нары түртчү жагдай жаратты. Саресеп