Ысык-Көлдө ШКУнун эл аралык марафону башталды. Видео

Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону старт алды.
Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда. Анын ичинде Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы дагы бар. Жарышты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштады.
1 / 2

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону старт алды

2 / 2

Ири спорттук иш-чарага ШКУга мүчө 22 мамлекеттин 3 000ден ашык спортчусу катышууда

Спорт департаментинен билдиргендей, эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлүүдө. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет.
Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга басышмакчы. Марафондун байге фонду миллион сом.
Кыргызстан 2 млн. чукул конок тосууга даяр. Туристтик сезондун ачылышынан видео