Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары

Бүгүн белгилүү кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун туулган күнү. "Кыргыз кереметин" түптөгөндөрдүн бири 80 жашка толду.
Sputnik
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын сунуштайт.
Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Жаңылуу", "Искусство жөнүндө баян", "Буктурма", "Көздүн кареги", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Метаморфоза", "Кара кыз" тасмаларын экрандаштырган.
Нарындык жаш жигит алгач "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштеп, андан соң Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алат. Мекенге кайтып келген 23 жаш кезинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартып дипломун коргогон. Дал ошол тасма ага көптөгөн ийгиликтерди алып келген.
КРдин эл артисти эмгектерин өзгөчөлөнгөн көз караш менен камерага түшүрүп, окуяны, каармандарды мыкты ачып берип, дайым изденүүдө жүрөт.
Ата мекендик кинематографияга өмүрүн арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
1 / 17

Согуштун айынан жакындарынан айрылган, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу Толгонай. Бакен Кыдыкеева "Саманчынын жолу" тасмасында башкы ролду аткарган

2 / 17

Короозун кучактаган Оромотай, анын аялы Сейил. "Көчө" тасмасындагы Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева

3 / 17

"Көздүн кареги" кинокартинасы. Эне-баладай болгон Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев

4 / 17

"Көчөнүн" көркүн ачкан Маликени ойногон Мамлакат Кылычева жана режиссёр Геннадий Базаров

5 / 17

Ыйлаган Советбек Жумадылов, ага боору ооруган Айтурган Темирова

Базаровдун "Айың" тасмасында Жумадылов ак жеринен камалып түрмөдөн чыккан Калманды, актриса психикалык жактан жапа чеккен Сабинанын ролун ойногон

6 / 17

Каныбек аттуу кулдун образын жараткан Аман Камчыбеков. Сүрөт "Каныбек" фильмин камерага түшүрүү маалында тартылган

7 / 17

КРдин эл артисти иш маалында. Анын кезектеги каармандары аракеч адамдар

8 / 17

Жашоонун өйдө-ылдыйынан чарчаган аял. Кадрда чылым чегип отурган Гүлсара Ажыбекова

9 / 17

"Көчөдөгү" Борош ава (СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов) жаш режиссёр менен. Ош облусу, 1972-жыл

10 / 17

Киночу арак ичип психоневрологиялык диспансерге чейин жеткендер менен

11 / 17

Соттолуп кеткендер менен түрмөдө отурган Советбек Жумадылов. Базаровдун "Айың" кинофильминдеги бир эпизод

12 / 17

Ымыркайын таштандыга калтырган эне. "Аномалиядагы" Гүлсара Ажыбекова

13 / 17

"Көчөдөгү" Чоро Думанаев башкы каарман Аваздын ролунда

14 / 17

Кинематографисттин "Кара кыз" фильминде белгилүү актёр Марат Алышпаев

15 / 17

Коомдогу сойкулук, аракечтик Геннадий Базаровдун көзү менен

16 / 17

Айдарбек датканы "жандаган" Геннадий Базаров. "Каныбек" кинокартинасын тартуу учурундагы репетиция

17 / 17

Геннадий Базаров жылаңач кыздын жанында актёрго сценарийди түшүндүрүп жатат

Тема боюнча:
36 жашында СССРдин эл артисти болгон. Болот Миңжылкыевдин сүрөттө калган элеси
"Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр