Футбол боюнча Азия кубогу Кытайда эмес башка мамлекетте өтмөй болду

Кытайдын футбол боюнча ассоциациясы Түндүк Кореядагы коронавирус пандемиясынан улам турнирден баш тартып койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. 2023-жылы боло турчу футбол боюнча Азия кубогу Кытайда эмес башка мамлекетте өтө турган болду. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, Кытайдын футбол боюнча ассоциациясы Түндүк Кореядагы коронавирус пандемиясынан улам турнирди өткөрүүдөн баш тартып койгон. Биргелешкен чечим сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынганы айтылды.
Футболдук мелдештер кийинки жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин ондогон шаарларда өтмөк. Даярдык учурунда Кытай бир стадион куруп, мелдештин логотибин иштеп чыгууга жетишкен.
Азия кубогу кайсы мамлекетте өтөрүн AFC кийинчерээк маалымдай турганын билдирди.
Эске салсак, Кыргызстандын курама командасынын континенттин биринчилигине катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Июнда Бишкекте оюндун тандоо туру өтөт. Анда ата мекендик команда Мьянма, Сингапур жана Тажикстан курама командалары менен беттешет.
Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын Barcelona футбол клубуна кабыл алынды