Өлкөдөгү ат майдандардын баарын бир ишканага бириктирүү сунушталды

Өкмөт башчы ат майдандардын шартын жакшыртуу зарылчылыгына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Эл аралык күлүктөрдү уюштуруу жана экспорттук жылкы чарбасын өнүктүрүү багыттарындагы иш пландарды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаровго Ат спорт оюндары федерациясы бул тармактын азыркы абалы жана келечек пландары тууралуу маалымат берген.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Эл аралык күлүктөрдү уюштуруу жана экспорттук жылкы чарбасын өнүктүрүү багыттарындагы иш пландарды талкуулады

2 / 4

Жапаровго Ат спорт оюндары федерациясы бул тармактын азыркы абалы жана келечек пландары тууралуу маалымат берген

3 / 4

Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстанда 547 миңден ашык жылкы болсо, анын 5 миңге жакыны спорттук оюндарга тартылган

4 / 4

Жыл сайын өлкөдө 20дан ашык ат оюндары уюштурулат

Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстанда 547 миңден ашык жылкы болсо, анын 5 миңге жакыны спорттук оюндарга тартылган. Жыл сайын өлкөдө 20дан ашык ат оюндары уюштурулат.
Ошондой эле мамлекеттик ишкана түзүп, өлкөдөгү 6 ат майданды анын карамагына алып, шартты жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.
"Бишкек шаарындагы ат майданын реконструкциялоо президенттин планында, ага каражат булагы да табылган. Эл аралык талапка жооп бере турган долбоору жакында даярдалат. Мындан сырткары, биз башка аймактардагы майдандардын да шартын жакшыртуубуз зарыл. Ат майдандарды мамлекеттик ишкана түзүп, ага бириктирүү сунушун колдойм. Кыргызстан дүйнөгө өзгөчө асыл тукумдагы жылкыны чыгарып, бул тармактагы чарбаны өнүктүрүүсү маанилүү", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, өкмөт башчы Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы чарбасында болуп, анын шарты менен таанышкан.
Кадамжайда жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды. Сүрөт