"Донбасс курчоосу" улам тарыган сайын Украина Куралдуу күчтөрү ошончолук мыкаачылыкка барып жатат. Согуштук аракеттерде эмне болуп жатканына Андрей Коц байкоо салган. Баяндамачынын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Террордук тактика
Украина Куралдуу күчтөрү аптанын дал ортосунда таң заарда Донецк Эл Республикасын аткылай баштады. Ансыз да бир топ жылдан бери азаптын чеңгээлинен чыга албай келе жаткан калаага карай "Град" залптык октун реактивдүү тутумунун ондон ашуун реактивдүү дүрмөтү түштү.
Ага улай эле Александровка кыштагына 122 миллиметрлик калибрдеги артиллериялык ок "жаады". Көп өтпөй Михайловка жана Пантейлемоновкага, түшкө маал Макеевка жана Донецкиге — Куйбышев жана Петров райондоруна дүрмөттөр ташталды.
Анын алдында эле Украина Куралдуу күчтөрү Донецк эл республикасынын борбор калаасын кассеталык ок-дары менен аткылаган. Эки жай тургун каза таап, беш киши, анын ичинде тогуз жашар бала да оор жаракат алган.
Украиналык артиллеристтер Киров районундагы эч кандай аскердик объекти жок "Меркурий" базарына сокку урушту. Бул жорук да Киев жайкын калкты катуураак коркутуу үчүн дагы террордук тактиканы пайдаланып жатканын айгинелейт.
Республикада кырдаал курчугандан бери – 84 күн аралыгында 110 жай тургун, анын ичинде төрт бала набыт болду. Бул тууралуу Ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча биргелешкен борбордогу Донецк Эл Республикасынын өкүлчүлүгү маалымдады. 499 киши, анын ичинде 31 бала жарадар болду. Бул – Мариуполду кошпогондогу көрсөткүч, ал жакта эсептөө дагы аягына чыга элек. Донецк бийлигинин айтымында, дал украиналык артиллеристтер жарандык курмандыктардын көпчүлүгү үчүн жооптуу.
"Айрыкча Авдеевка отурган 25-парашюттук-десанттык бригаданын артиллериясы, Донецкиден Пески кыштагына чейин орун алган 56-мотопехоталык бригада тынчыбызды алууда, — дейт Донецк Эл Республикасынын армиясынын Клим деген ат менен милдетин өтөп жаткан офицери. — Чабуул коё албайбыз, сегиз жыл ичинде аталган райондордо күчүн абдан бекемдеп алды. Ок аткан соң дароо куралдарын катып алышкандыктан контрчабуул коюуга мүмкүн болбой жатат. Анткен менен алар да жоготууга учуроодо. Анан да бизге россиялык авиация жакшы жардам берүүдө".
Батыш артиллериясы
Чындап эле Россиянын Аба-космостук күчтөрү Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясынын шайын бир топ оодарды. Коргоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, 24-февралдан бери авиация 1455 курал жана залптык октун реактивдүү тутумунун 360 орнотмосун талкалаган. Мындан сырткары, Украина Куралдуу күчтөрүндө дүрмөттүн тартыштыгы күч. Ок-дарынын көптөгөн кампалары таамай куралдар менен жок кылынган. Ал эми айрымдары, мисалы, Балаклеядагы өлкө боюнча эң ири арсенал россиялык армиянын карамагына өткөн. Анткен менен Батыш аларды НАТОлук үлгүдөгү артиллериялык тутум жана алардын ок-дарысы менен жабдыганын токтотпой келет. Америкалыктар Украина Куралдуу күчтөрүнө 90 чакты 155 миллиметрлик М777 гаубицасын тапшырып, 300дөн ашуун украиналык жоокерди бул куралды колдонууну үйрөттү. Ушундай эле техниканы Канада жана Австралия да тапшырмакчы. Германия менен Нидерланд Киевге өзү жүрүүчү 12 PZH-2000 артиллериялык тутумун берет. Аталган система дүйнөдөгү эң мыктылардын бири болуп саналат. Ал эми Италия өз запасынан M109 өзү жүрүүчү артиллериялык системасын тартуулайт. Артиллериялык системалар НАТО куралданган 155 миллиметрлик ок-дарынын бардык номенклатурасы менен аткылай алат.
Арасынан эң кооптуулары – тескелүүчү M982 Excalibur активдүү-реактивдүү дүрмөттөр. Батыш гаубицалары аларды 57 чакырымдык аралыктан ыргыта алат. Аларга таамайлыкты башкаруунун спутниктик тутуму камсыздайт. Украина Куралдуу күчтөрү мындай дүрмөттөрдөн көптү алары арсар. Кантсе да НАТОнун эсебинде да бул абдан кымбат. Бир жолу ок атуу эле 70 миң долларды "жалмайт". Кадимки майда-фугастык ок-дары менен бул гаубицалар 30 чакырымдан өз милдетин аткара алат, демек, мүмкүнчүлүктөрү жагынан булар менен россиялык 152 миллиметрдик "Мста-С" өзү жүрүүчү артиллериясы тең тайлаша алат.
Жаңжалды тутантуу
Дүйшөмбү күнү АКШ президенти Жо Байден Украина үчүн "ленд лиз" жөнүндө мыйзамга кол койду. Эске салсак, аталган документ конгресстин эки палатасы тарабынан тең жактырылган. "Ленд лиз" Киевге аскердик көмөк көрсөтүүнү жеңилдетип, Вашингтон бөлүшүүгө даяр курал-жарак жана техника номенклатурасын кеңейтет. Анткен менен көпчүлүк адистер мындай кадам да Украина Куралдуу күчтөрү тарапка тараза ташын оодара албасын болжошот.
"АКШнын "ленд лиз" боюнча мыйзамы жаңжалдын натыйжасына таасир этпейт, бирок анын узактыгына чагылат, — деп эсептейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин эксперти Прохор Тебин. — Байдендин администрациясы жана жалпы батыш ааламына өз жагдайын жакшыртып, Россияны чабалдатуу үчүн убакытты болушунча созуу пайдалуу. Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү күчөтүү аракети да ушул максатка ылайык. Батыш өлкөлөрүнүн жардамын алуу менен алардан көз карандылык мурдагыдан да арта түшөт".
Ошол эле учурда батыш куралдары чыгышка карай агылып жатканына Москва да кол куушуруп отуруп калбайт. Россиянын Аба-космостук күчтөрү байланыш жолдорун бөгөө үчүн украиналык темир жол подстанцияларына таамай сокку урган. Булардан тышкары стратегиялык маанилүү көпүрөлөрдү жок кылуу чаралары да көрүлүүдө. Албетте, сырттан жабдууну толук токтотуу мүмкүн эмес чыгар, бирок өлүмгө кептөөчү "темирлердин" басымдуу бөлүгү фронтко жетпей турганы ырас.