Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу менен Пентагондун башчысы Остин телефон аркылуу сүйлөштү

Шойгу менен Остин эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Украинадагы кырдаалды талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Пентагондун башчысы Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости агенттиги жазды.
"Эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Украинадагы кырдаал талкууланды", — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен болгон.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Владимир Путин белгилегендей, анын максаты “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо”.
Эрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча Түркиянын позициясын айтты