Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Командирлер бизди окко тосуп, өздөрү чыгып кетишти. Украиналык аскердин видеосу

Украинанын Аскер күчтөрүнүн кызматкери командачылыгынын сатып кеткендигин айтып берген. Андан сырткары, колго түшкөндөн кийин россиялык жоокерлер ага жаман мамиле кылбагандыгын билдирген.
Sputnik
Багынып берген жоокердин видеосун Россиянын Коргоо министрлиги жарыялады.

"Командирлер бизди окко тосуп, өздөрү баарын таштап чыгып кетишти. Башчыбыз бизге башында 45 болсок, кийин 14үбүз калганын айтты. Үч сутка ичпей, жебей ачка калдык. Россиялык аскерлер суу, тамак-аш, тамеки беришти. Эч ким урган жок, жаман мамиле кылган жок", — деген ал.

Ал атышуу болгонун, ошол кезди сүрөттөп, окоптон чыгууга мүмкүнчүлүк жаралбаганын айтып берген.
"Бир маалда үч же төрт саат өткөндөн кийин "артка чегинебиз" деп кыйкырды, ошол", — деген туткун.
Тема боюнча:
Мариуполь тургуну: кошуналарды атып, батирлерди өрттөштү. Видео