Төшөк кумарынын улгайган адам үчүн оң жана терс таасири тизмектелди

Аял жана эрек. Архив
Жыныстык катнаш улгайган адамдын өмүрүн узартышы дагы, кыскартып коюшу да ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кардиолог, геронтолог Юрий Конев жашы өтүп калган адам кайсы учурда дене кумарына батса болорун, кайсы учурда өмүргө коркунуч жарата турганын түшүндүрдү. Медиктин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Анын айтымында, төшөк кумары улгайган адамдын өмүрүн узартышы да, кыскартышы да ыктымал.
"60 жаштан кийин организм картайып, мындан улам жашоо образы да өзгөрөт. Бирок дене кумарына батууда жаш куракка чектөө коюлган эмес. Бул процесс улгайган адамдын да организмине оң таасирин тийгизет", — деген дарыгер.
Бирок жаш өткөндө төшөк кумарына батууда айрым учурларды эске алуу керек. Кардиолог жыныстык катнаш кан басымы жогору адамдардын өмүрүнө өтө кооптуу экенин эскерткен.
"Улгайган адам дене кумарын өтө каалап жаткан болсо, аларга катаал деле чектөө жок. Болгону этият болушу керек. Процесстин алдында же болуп жатканда пульс катуу соксо, аны токтото турган оң", — деген медик.
Буга чейин кардиолог Филипп Кузьменко өтө ысыкта айрым адамдарга дене кумарына батуу дагы зыян алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.
Жубайлар төшөктө гезит окуп жатышат. Иллюстративдик сүрөт
Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу