Караколдо "Музыканын тилинде" деп аталган эл аралык долбоордун концерти болот

Сахнага россиялык музыкалык үч жамаат чыгат, андан сырткары, Россия эл артисти Надежда Крыгина ырдайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Каракол шаарында "Музыканын тилинде" деп аталган эл аралык долбоордун концерти болорун уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара Россия күнүнө карата 12-июнда өтөт. Аны РФтин Маданият министрлиги, Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштуруп жатат.
Эске салсак, Каракол 2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору деп аныкталган.

"Бир сахнада дароо россиялык үч музыкалык жамаат чыгат. Караколдун жашоочулары россиялык музыкалык маданияттын мыкты делген үлгүсү менен жакындан таанышып, тыңдай алышат. Россиялык кереметтин руханий, элдик жана классикалык музыка менен айкалышына күбө боло алышат. "Реликт" триосу менен скрипач Ирина Павлихина классикалык багытта адамдардын жан дүйнөсүнө рухий азык тартууламакчы", — дешти уюштуруучулар.

Көрүүчүлөр андан сырткары орус ырлары, профессионалдык искусство менен мыкты жамааттардын чыгармачылыгы аркылуу тааныша алат. Тагыраагы, орус элдик аспаптары Зыкина атындагы "Россия" деп аталган квинтет ансамблдин аткаруусунда жаңырып, концертке келгендер Россиянын эл артисти Надежда Крыгинанын авазын тыңдашат.
Кеченин кульминациясы дүйнөгө таанымал Сретение монастырынын эркектер хору болмокчу. Концерт Чыңгыз Айтматов атындагы аянтта саат 18:30да башталат.
Улуттук филармония Ысык-Көлдө эки күн концерт берет