Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүп жатат. Сүрөттөр

Мындай жарманке 2016-жылдан бери көл жээгинде өткөрүлүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Issyk-Kul ITF — 2022 эл аралык туристтик ири кѳргѳзмѳ-жарманке өтүп жатат.
1 / 5

Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Issyk-Kul ITF — 2022 эл аралык туристтик ири кѳргѳзмѳ-жарманке өтүп жатат

2 / 5

Ал жерден туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат

3 / 5

Ошондой эле этнооюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулган

4 / 5

Өлкөнүн жети облусу бирден боз үй тигип, өндүргөн буюм-тайымдарын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн келген конокторго көрсөтүүдө. Ошол эле учурда өнөрпоздор өнөрүн тартуулап жатат

5 / 5

Түркия, Россия, Өзбекстан жана Венгрия сыяктуу бир канча өлкөдөн дагы келип катышууда. Жарманкеден 200дөн ашык туристтик компанияларды кезиктирүүгө болот

Ал жерден туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат. Ошондой эле этнооюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулган.
Өлкөнүн жети облусу бирден боз үй тигип, өндүргөн буюм-тайымдарын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн келген конокторго көрсөтүүдө. Ошол эле учурда өнөрпоздор өнөрүн тартуулап жатат. Түркия, Россия, Өзбекстан жана Венгрия сыяктуу бир канча өлкөдөн дагы келип катышууда. Жарманкеден 200дөн ашык туристтик компанияларды кезиктирүүгө болот.
Бүгүн саат 18:00дө туристтик сезондун расмий ачылышы болот.
Issyk-Kul ITF — 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосунда байланыш түзүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу. Мындай жарманке 2016-жылдан бери көл жээгинде өткөрүлүп келет.
Улуттук филармония Ысык-Көлдө эки күн концерт берет