БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду Биринчи май райондук соту актады. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматынан кабарлады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Буга чейин анын иштеринен кылмыштын белгилерин табышкан.
Эшимовду 2021-жылдын 11-сентябрында УКМК ири суммадагы шылуунчулук жасаган деген шек менен колго түшүргөн.
"Атайын комитет А.Д. аттуу адамга Эшимов 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан "Кыргызстан" партиясынын алдынкы бештигине өткөрөм деп убада берген. Бул үчүн БШК мүчөсү "партия лидерлеринин бири" менен 550 миң доллар алып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыга албай 300 миң долларын кайтарып берген", — деп билдирген ал кезде.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши ачылган.