Пресс-борбор

Адис: Бишкектин базарларында эскирип кеткен азыктар көп сатылып жатат

Май айынын башында Кыргызстанда тамак-ашка уулангандар көбөйдү. Мындан улам дүкөндөр, базарларды капыстан текшерүү башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Бишкектин базарларында мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын көп сатылып жаткандыгын аныктадык. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун Бишкектеги санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова билдирди.
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун Бишкектеги санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Жапырт уулануу — базарлар менен дүкөндөрдү пландан сырткары текшерүү" деп аталган брифингге катышып, маалымат берди.
Эске салсак, тамак-ашка уулангандар көбөйүп кеткендиктен дүкөндөр, базарларды пландан сырткары текшерүү иштери башталган.

"Ош" базары, "Орто-Сай", "Дордой Дыйкан", "Берекет-Универсал" базарларын кыдырып, кант-кондитердик жана кремдүү кондитердик азыктарды текшерип чыктык. Маркаланганын, товарды коштоп жазылган документтери бар-жогун карадык. Бардык базарларда мөөнөтү өтүп кеткен ар кыл товарлар абдан көп сатылып жаткандыгын аныктадык. Бүгүнкү күнгө алсак, базар менен чарбалык объектилердин жетекчилерине 325 миң сомго айып салуу туурасында 23 протокол түзүлдү", — деп айтып берди Есенгулова.

Май айынын башында Кыргызстанда тамак-ашка уулангандар көп болуп кетти. Ошто кеминде 56 адам таттуу токочтон ууланды. Ноокатта да балдар ууланган. Андан көп узабай эле Баткендин Сүлүктү шаарында кыз узатуу аземи өткөн кафеге баргандардын ичинен 32 адам да абалы начарлап ооруканага түшкөн. Мындан соң Кыргызстанда дүкөндөр менен базарларды текшерүү башталган.
Акылбек Жапаров Сокулуктагы базарды кыдырып, дүкөндөрдү текшерди. Сүрөт