24 млн. сом алып жолду бүтүрбөй жатат! Ак-Ордо эли митингге чыкты. Сүрөт, видео

Чогулгандар колдоруна "Ак-Ордо жолунун 28 миллион сомун жегендер жоопко тартылсын", "Ак-Ордо элине талапка жооп берген жол салынсын" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн, 13-майда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнө караган Ак-Ордо конушунун тургундары Лущихин жолунун уландысы бир жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы болуп чогулду.
Алардын айтымында, жолду оңдоого тендер былтыркы жылдын жай айында өткөрүлгөн. Ага 28 миллион сом каралып, тендерди уткан фирма 24 миллион сомун алган. Бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасалган эмес.
1 / 3

Бүгүн, 13-майда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнө караган Ак-Ордо конушунун тургундары Лущихин жолунун уландысы бир жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы болуп чогулду

2 / 3

Алардын айтымында, жолду оңдоого тендер былтыркы жылдын жай айында өткөрүлгөн

3 / 3

Ага 28 миллион сом каралып, тендерди уткан фирма 24 миллион сомун алган. Бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасалган эмес

"Оңдоо иштери былтыр күзүндө башталган. Бирок жол түздөлүп бүткөнгө чейин эле кыш келип, ошону менен иш токтоп калган. Кышы бою тургундар, өзгөчө окуучулар тротуар жок кыйналышты. Күзүндө түздөлгөн жолду жаан, кар жеп, арыктар кайра бузулду. Эми ошол эле фирма оңдоп-түзөө иштерине дагы 9 миллион сом сурап жатат. Бул өтө узун эмес жолду 24 миллион сомго жасалды деп эч ким айтпайт", — деди конуш тургуну Ашырбек Жуманов.
Чогулгандар колдоруна "Ак-Ордо жолунун 28 миллион сомун жегендер жоопко тартылсын", "Ак-Ордо элине талапка жооп берген жол салынсын" деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Жергиликтүү тургундар ошол учурда Новопавловка айыл өкмөтүн Ороз Оморов башкарып турганын айтып, бул ишке анын да тиешеси бар экенин белгилешти.
Сокулук районунун администрациясы, Новопавловка айылынын жетекчилиги менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
Президенттин убадасы аткарыла элек! Ак-Ордо-3 конушунун тургундары чогулду. Видео