Жаан, мөндүр жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 13-майда күндүз жана 14-15-майда Кыргызстандын аймактарында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, өлкөдө үч күн катары менен мезгил-мезгили менен жамгыр төгүшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүүсү, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.
Радио
Калыков: былтыр суу тартыштыгынан улам жүгөрүнүн түшүмү 30-40%га аз болду