Кызматкердин мас же баңгизат колдонгон абалда жумушка келгени иштен бошотууга негиз болот. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, ушул жана башка негиздер Эмгек кодексинде каралган.
"Эмгек кодексинин 83-беренесинде иш берүүчүнүн демилгеси менен кызматкерди жумуштан бошотуу үчүн негиздер көрсөтүлгөн. Бир нече жолу тартипти бузуу, мас же баңгизат колдонгон абалда жумушка келүү, ишенимдин жоголушу (кассада отурган же бухгалтелерге карата) сыяктуу учурлар байкалса кызматынан бошотууга себеп болот. Мындан башка жагдайлар менен иштен кетирүүгө эч кимдин укугу жок. Эң оболу кызматкердин укугу бузулбай, мыйзам сакталышы үчүн иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда эмгек келишими түзүлүшү керек. Ансыз эки тараптын тең укуктары сакталбай, бузулушу мүмкүн. Ошондой эле келишимде аны жокко чыгаруу, токтотуу негиздери каралышы ыктымал. Эгерде негизсиз же мыйзамсыз иштен бошотулса, кызматкер эмгек талаш-тартыштарын карай турган комиссияга, эмгек инспекциясына, кесиптик кошуундарга (профсоюзга) жана сотко кайрылууга укугу бар. Булардын кайсынысына кайрылууну кызматкер өзү чечет", — деди Салиев.
Ошондой эле ал мыйзамсыз бошотулган кызматкер сотко эки айдан өткөрбөй кайрылуусу зарыл экенин кошумчалады.