БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта кору апрель айында 162 миллион 240 миң долларга кыскарды.
Улуттук банктын резервдин көлөмү боюнча маалыматы:
Марттын аягына карата — 2 миллиард 761 миллион 940 миң доллар;
Апрелдин аягына карата — 2 миллиард 599,7 миллион доллар.
Өлкөдөгү башкы банктын сайтындагы билдирмеге караганда, апрелде регулятор интервенция жасаган эмес. Резервдин кыскарган себеби да көрсөтүлгөн жок. Бул — былтыркы жылдын март айынан бери эң төмөнкү көрсөткүч. Анда алтын-валюта запасы 2,5 миллиард доллардан бир аз жогору болчу.
Улуттук банктын тарыхында алтындын кору 3 миллиард доллардан 2020-жылдын август айында, былтыркы жылдын сентябрь жана октябрь айларында үч жолу ашкан.
Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.