Мамлекеттик кызматкердин этикасын көбүнесе президенттен тарта өкмөт башчы, министрлер өздөрү бузат. Тактап айтканда, саясий кызматты ээлеп отургандар өздөрүнүн моралдык жоопкерчиликтерин сезе беришпейт. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайра куруу мезгилинде өлкөгө агын суудай кирип келген либералдык демократия көптөгөн баалуулуктарды талкалады.
"Этика деген өзү жүрүм-турум маданияты, өрнөк, үлгү болуу дегенди түшүндүрөт да. Мисалы, улуулар өзүнүн жүрүм-туруму менен жаштарга үлгү болушу керек. Жетекчи кызматкерлерине өрнөк болушу шарт. Ал эми бизде, тескерисинче, жетекчилик кызматта отургандар өздөрү биринчи иретте мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай келишет. Азыркы учурда мамлекеттик кызматкердин этикасын сактамак турсун, эң жөнөкөй адамдык нормаларды сактай албай калдык. Жүрүм-турум маданияты жагынан алганда учурдагы коом абдан начар абалда турабыз. Жаштарга үлгү болмок турсун, уят болуудабыз. Ошондуктан дагы өлкө башчысы чыгарган алгачкы жарлыктарынын бири адеп-ахлак маселеси болбодубу. Эми кептин баары анын ишке ашышында жатат", — деди Мусаев.
Акадамик аталган көйгөйдү дембе-дем көтөрүп, коомду ойготуу мезгили келип жеткенин кошумчалады.