БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Херсон облусу Россияга интеграциялашуу курсунан тайбайт. Андыктан Украинанын көзөмөлүнө кайтуу жолдору каралган жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдирди.
"Херсон облусу Россия Федерациясына интеграциялашуу багытынан кайтпайт. Башка жолубуз жок. Өткөөл мезгил канчага созуларын айтуу кыйын, бирок жылдын аягына чейин коомдук талкуунун деңгээлинде гана эмес, мыйзам жүзүндө бардыгын ишке ашырууга даяр болобуз", — деди ал.
Орун басардын айтымында, аймак мындан ары украин бийлигинин көзөмөлүндө болбойт.
"Херсон облусу эч качан Украинаны толук деградацияга алып келген Батыш өлкөлөрүнүн колониясы болбойт", — деди Стремусов.
Россия аскерлери Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция маалында өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусун толугу менен жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Бул аймактарда жарандык-аскердик башкармалыктар түзүлүп, орус телеканалдары жана радиолору иштей баштап, Крым менен соода алакалары калыбына келтирилүүдө.
"Единая Россия" партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Россия Херсон аймагына түбөлүккө келгенин, буга эч кандай шек болбошу керектигин айткан. Ал эми облустук администрациянын башчысы Владимир Салдо облус азыртадан эле Россия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеген.