Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын Barcelona футбол клубуна кабыл алынды

17 жаштагы спортчу расмий түрдө дүйнөгө белгилүү клубда машыга баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын Barcelona футбол клубунун жаштар курамына кабыл алынды. Бул туурасында Кыргыз футбол союзу билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын Barcelona футбол клубунун жаштар курамына кабыл алынды
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы спортчу расмий түрдө дүйнөгө белгилүү клубда машыга баштаган.
"Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында F.C.BARCELONA футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алды. Бул ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана анын чегинен тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат. Ошондой эле Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга көмөкчү болот", — деп айтылат маалыматта.
Эмир-Хан — Камчыбек Ташиевдин эң кичүү уулу. Ал 2019-жылы Италиянын "Паоло Росси" академиясына тапшырып 1,5 жыл окуган.
Жапаровдун командасы турнирден утуп млн. сом алды. Акчаны кайда жумшайт